Бишкек ШИИББдин Патрулдук милиция кызматынын кызматкерлери жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалангандардын бардыгын жолдо өтө этият жана кылдат болууга чакырышат. Алар кыймыл учурунда кулакчын колдонбоону, жол кыймылынын эрежелерин сактоону, жол кыймылынын башка катышуучуларын, өзгөчө жөө жүргүнчүлөрдү сыйлоону сунушташат.

Маалыматта айтылгандай, жолдогу коопсуздук жана айланадагылардын коопсуздугу ар бир жарандын этияттыгынан жана жоопкерчилигинен көз каранды экени баса белгиленди. “ЖКЭ сактагыла – өзүңөрдү жана башкаларды сактагыла!” — деп билдирди Бишкек ШИИББдин Патрулдук милиция кызматынын басма сөз кызматы.