Ош шаарында Абдувалиев көчөсүнүн Мамыров жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүн реконструкциялоо иштери активдүү улантылууда. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.
Учурда подряддык уюм ирригациялык системаны толугу менен бүтүрүп, жаңы асфальтбетон төшөө иштерин аягына чыгарууда.
Жаңыланган жол бөлүгү заманбап талаптарга ылайык келип, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилери айтылды.


