Ош шаарынын «Керме-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгында жашаган аял баланын атасынын макулдугусуз жана кабарсыз башка үйгө берилип кеткени боюнча мэрге жардам сурап кайрылды. Бул маселе 12-ноябрда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин «Керме-Тоо» МТУ тургундары менен жолугушууда көтөрүлгөн.

Арыз айткан аялдын айтымында, агасы ажырашкандан кийин бала социалдык коргоо органдары аркылуу башка адамдардын тарбиясына берилип жиберилген. Атасынын тарабындагы туугандары бул окуяны эки жылдан кийин гана билип калышкан.

Агасынын уруксатысыз жана кабарысыз эки жыл бою башка адамдар багууда экен. Биз муну жаңы гана билдик. Бул боюнча тергөө башталган, бирок кылмыштын курамы жок деген себеп менен иш жабылып калды. Биз прокуратурага, атүгүл губернаторго чейин кайрылды.
Арыз айткан аял

Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева бул кырдаал боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, ата-энеси ажырашкандан кийин эне баланы өзү менен алып кеткен. Кийинчерээк ал баланы мурунку күйөөсүнүн туугандарына калтыруу үчүн алып келген, бирок атасы Россияга кетип калган.