Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Дмитрий Патрушев Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Тараптар эки өлкөнүн агроөнөр жай комплекси, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл, жаратылышты коргоо ишмердүүлүгү жана экология тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты.

Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын мамилелери салттуу түрдө достук жана союздаштык мүнөзгө ээ. Россия Кыргызстандын алдыңкы соода өнөктөштөрүнүн бири. Ошондой эле өлкөбүз республиканын экономикасына ири инвесторлордун катарына кирет. Биз соода-экономикалык мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө умтулуудабыз.
Дмитрий Патрушев, Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары

Быйылкы жылдын башынан бери айыл чарба продукциясынын жана азык-түлүктүн товар жүгүртүүсү дээрлик төрттөн бирге өскөнү белгиленди. Кыргызстанга россиялык минералдык жер семирткичтердин жеткирилиши өсүүдө.

Россиянын май-май азыктарынын, кондитердик азыктардын, буудайдын, канттын жана канаттуулардын этинин экспорттук көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле илим жана билим берүү, селекция жана санариптештирүү сыяктуу башка багыттар да өнүгүүдө.