Даярдык иштери башталды

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. Саясий өнөктүктү ийгиликтүү өткөрүү максатында Борбордук шайлоо комиссиясы алдын ала иш-чараларды баштады. Анын ичинде шайлоо тилкелерин керектүү жабдуулар менен камсыздоо жана талапкерлерден арыздарды кабыл алуу сыяктуу иштер каралган.

Азыркы тапта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аймактык шайлоо комиссиялары менен биргеликте калк эң көп топтолгон жерлерди талдоо жүргүзүп жатабыз. Ошого жараша аралыктан добуш берүү тилкелери Кыргызстандын ичинде да ачылат.
БШКнын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Айдана Жупуева
Ранее по темеПрезиденттикке талапкерлер жана мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тили боюнча тестти кантип тапшырышат?

Өлкө ичиндеги шайлоо тилкелери

Өлкө боюнча 2492 шайлоо тилкеси бар. Бул тилкелер шайлоочуларды кабыл алууга даяр болот. Мындан тышкары, мурунку парламенттик шайлоодо ачылган аралыктан добуш берүү тилкелери бул жолу дагы иштейт. Алар калк көп жашаган соода борборлоруна жана базарларга жакын жайгаштырылат.

Чет өлкөдөгү шайлоо тилкелери

Чет өлкөдөгү шайлоо тилкелерин түзүү боюнча Тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Министрликтин сунушу боюнча 35 мамлекеттин 94 шаарында 100гө жакын шайлоо тилкесин ачуу пландалууда. Бул чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктарга добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Даярдыкты координациялоо

Даярдык иштерин координациялоо үчүн Республикалык штаб түзүлгөн. Ал шайлоо өнөктүгүнүн бардык этаптарын көзөмөлдөйт жана тийиштүү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенет.

Шайлоо тилкелеринин саны

2492өлкө ичиндеги тилкелер
100чет өлкөдөгү тилкелер (болжолу)
94чет өлкөдөгү шаарлар
35чет өлкөдөгү мамлекеттер