Жыйын 27-октябрга пландаштырылган, деп билдирди КМШ Аткаруу комитети. КМШ мүчө-мамлекеттеринин туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Түркмөнстанда 7- жана 9-октябрда өткөн Тышкы иштер министрлеринин кеңеши менен КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйындарынын жыйынтыктарын чыгарышат.

Ошондой эле, кабыл алынган документтерди жана жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча милдеттер белгиленет.

Күн тартибиндеги маселелер

Ранее по темеПрезиденттикке талапкерлер жана мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тили боюнча тестти кантип тапшырышат?

Талкууга саясий, гуманитардык жана социалдык чөйрөлөрдө кызматташуу боюнча КМШ мамлекет башчыларынын, өкмөт башчыларынын, тышкы иштер министрлеринин жана Экономикалык кеңешинин жыйындарында айтылган демилгелерди ишке ашыруу боюнча жол картасынын аткарылышы кирет.

Мындан тышкары, КМШ Аткаруу комитети менен Евразия экономикалык комиссиясынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү жөнүндөгү меморандумду ишке ашыруу боюнча 2026–2030-жылдарга каралган иш-чаралар планы каралат.

Шайлоого кимдер аттанууда

Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. Ага катышуу ниетин учурдагы мамлекет башчысы Садыр Жапаров жарыялаган. Мындан тышкары, мурдагы ички иштер министри, саясатчы Өмүрбек Суваналиев жана мурдагы прокуратура кызматкери, Финансы полициясынын экс-башчысы Сыймык Жапыкеев да талапкерликке аттанарын билдиришкен.