Иш-чара Нарын облусунун прокурору Абдирашит Кубатидиновдун демилгеси менен уюштурулду. Ага шаардык жана райондук прокурорлор катышат.
Жолугушуулардын жүрүшүндө тургундар арыз-даттануулар жана башка маселелер боюнча кайрылса болот. Келип түшкөн кайрылуулар боюнча жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн тиешелүү чаралар көрүлөт.
Кабыл алуулар бекитилген графикке ылайык, көрсөтүлгөн даректер боюнча өтөт.




















