Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өлкө намысын коргогон эки спортчу сыйланды. Аларга райондук бийлик тарабынан ардак наамдар, грамоталар жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Дастан Русланов: көк бөрүдө алтын медаль

Ак-Талаанын туулуп-өскөнү Дастан Русланов Кыргызстан курамасынын курамында көк бөрү боюнча Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында чемпион аталды. Ал финалдык беттеште 29-секундда эсеп ачып, жалпысынан атаандаштарынын дарбазасына 3 улак салган. Бул ийгилиги үчүн 3-ноябрда, маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамында, ага «Ак-Талаа районунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылып, 20 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылды.

Ислам Бердибеков: эр эңиште күмүш байге

Дагы бир Ак-Талаанын балбаны Ислам Бердибеков Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында эр эңиш боюнча 90 килограммга чейинки салмакта Кыргызстандын намысын коргоп, 2-орунду ээлеп, күмүш медаль алган. Ага Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы жана 10 миң сом өлчөмүндө сыйлык ыйгарылды.

Сыйлыктар

20 000сом — Дастан Руслановго
10 000сом — Ислам Бердибековго

Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өткөн.