Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругу К. Базарбаев атындагы корукка жакын жайгашкан Ат-Башы жана Нарын райондорунун айыл аймактарындагы жалпы билим берүү мектептеринин окуучулары үчүн «Илбирс — тоолордун ээси» аттуу сүрөт сынагын уюштурду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, сынактын негизги максаты — жаш муундун жаратылышка аяр мамилесин калыптандыруу, экологиялык сабаттуулукту жогорулатуу, ошондой эле илбирсти коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маселелерине көңүл буруу болуп саналат.

Мындан тышкары, Министрликтин Нарын регионалдык башкармалыгынын, Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун жана Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери Нарын агрардык-техникалык экономикалык колледжинин студенттери үчүн илбирсти коргоого жана анын жаратылыштагы ролуна арналган маалыматтык сабак өткөрүштү.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында Kahoot платформасында илбирске арналган интерактивдүү оюн уюштурулду. Анын максаты — студенттердин билимин текшерүү жана бул сейрек кездешүүчү жаныбарды сактоо маселелерине болгон кызыгуусун арттыруу болду.

Иш-чаранын жыйынтыгында сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, аларга дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.