Мэриянын маалыматына караганда, Узген шаарынын мэри Нурланбек Саипбаев Сарахсий жана Жаңы-Хаят кварталдарынын тургундары үчүн атайын көчмө кабыл алуу өткөрдү.

Кабыл алуунун жүрүшүндө мэр тургундардын арыз-даттарын кунт коюп угуп, бир катар маселелерди дароо чечүүгө буйрук берди. Ал эми кошумча убакытты жана изилдөөнү талап кылган кайрылуулар боюнча тиешелүү мекемелерге жана уюмдарга тапшырмалар берилди.

Мэриядан белгилешкендей, мындай көчмө кабыл алуулар жергиликтүү бийлик менен калктын ортосундагы байланышты бекемдөөгө, ошондой эле жер-жерлердеги көйгөйлөрдү ыкчам чечүүгө багытталган.

Мындай көчмө кабыл алуулар жергиликтүү бийлик менен калктын ортосундагы байланышты бекемдөөгө, ошондой эле жер-жерлердеги көйгөйлөрдү ыкчам чечүүгө багытталган.
Узген шаардык мэриясынын билдирүүсүнөн