Нарын шаар жана Нарын районунун тургундары аймакта мамлекеттик нотариустардын жетишсиздигине байланыштуу канааттанбай жатышат. Азыркы кырдаалдын оорлашу, айрыкча, жеке нотариустардын иштебей калышынан кийин байкалган.
Ушул маселе боюнча шаар тургундары жергиликтүү бийлик органдарына жана профилдик министрликке интернет аркылуу кайрылып, көйгөйдү тез арада чечүү керектигин талап кылышкан.
Жергиликтүү тургундар мамлекеттик нотариустардын санын көбөйтүүнү өтүнүп жатышат.
















