Ак-Талаа айылындагы фельдшердик-акушердик пункт буга чейин жашоо үчүн ылайыкталган, бирок документтери толук жөнгө салынбаган имаратта жайгашкан. Ал эскирип, колдонууга жараксыз болуп калгандан кийин, 2005-жылы эл аралык демөөрчүнүн колдоосу менен жаңы имарат курулуп, медициналык пункт ошондон бери тынымсыз иштеп келген.

Быйыл, 2026-жылы, «АВАД ЛСТ» жоопкерчилиги чектелген коому кайрымдуулук фондунун жана инвесторлордун жардамы менен ФАПтын жаңы имаратын куруп бүттү. Курулуш иштерине жалпысынан 4,5 млн сом багытталды.

4,5 млн сом жаңы ФАПтын курулушуна жумшалган каражат

Бул каражат жаңы имаратты курууга толугу менен сарпталды.

Жаңы имарат бир кабаттуу болуп, жалпы аянты 150 чарчы метрди түзөт. Ал 7 бөлмөдөн турат. Жылытуу системасы айкалышкан — электр энергиясы жана көмүр менен иштейт.

Учурда ички медициналык жабдуулар жана аппараттар эски ФАПтан жаңы имаратка көчүрүлдү. Эми айыл тургундары сапаттуу медициналык тейлөөнү заманбап шартта ала алышат.