Ак-Талаа райондук прокуратурасынын маалыматы боюнча, 2026-жылдын алгачкы алты айында аймакта 10 киберкылмыш фактысы катталган. Алардын жалпы суммасы 3 млн 73 миң 250 сомду түзгөн. Бардык фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен 10 кылмыш иши козголгон.
Аталган иштердин ичинен эки кылмыш ишинин бетин ачууга мүмкүн болгон. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр жабырлануучуларга келтирилген зыянды толугу менен төлөп беришкен. Натыйжада тараптар процессуалдык жарашуу жөнүндө макулдашууга келишип, кылмыш иштери реабилитациялоочу эмес негиздер боюнча кыскартылган.
Райондук прокуратура жаңы киберкылмыш түрлөрүнө каршы күрөшүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгенин белгиледи. Кылмыш-жаза кодекси 209-1-берене менен толукталган. Ага ылайык, электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык активдердин капчыктарын жана SIM-карталарды атайылап үчүнчү жактарга өткөрүп берүү же сатуу кылмыш катары таанылат.
Документтен
Мындай аракеттер үчүн мүлктү конфискациялоо менен 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу, ошондой эле белгилүү бир кызматтарды ээлөө же ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан 3 жылга чейин ажыратуу жазасы каралган.
2026-жылдын алты айында райондук ички иштер бөлүмү тарабынан аталган берене боюнча жалпысынан 10 кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жыйынтыктары

















