Бишкекте эмчек эмизген энелер үчүн дагы эки бекер кабинка пайда болду. Бул тууралуу Instagram'да Altynai Dju деген ат менен белгилүү активист Алтынай Юсупова өз баракчасында билдирди. Ал орнотуу процессин видеого тартып, кабинкалар Эркиндик бульварында жана Айдарбеков көчөсүндөгү бульварда (мурдагы Молодая Гвардия көчөсү) жайгашканын көрсөткөн.
Кабинканын ичинде эмне бар?
- Эмчек эмизүү үчүн ыңгайлуу кресло
- Жалаяк алмаштыруучу стол
- Бекер жалаяктар жана нымдуу салфеткалар
- Опрелостко каршы кремдер
- Санитайзерлер
- Кондиционер
- Күзгү
- Бизиборд (балдар үчүн өнүктүрүүчү такта)
Кабинкалар кайрымдуулук жана коммерциялык уюмдардын демөөрчүлүк жардамы менен орнотулган. Буга чейин ушундай эле кабинка август айында "Адинай" сейил багында ачылган болчу.
Бул жакшы жаңылык. Бульварда арабалуу энелер көп жүрөт. Аларга шарт түзүлгөнү — бул камкордук.
Мындай атайын жабдылган бөлмөлөр адатта кичинекей балдары бар ата-энелердин ыңгайлуулугу үчүн ачылат. Аларда эс алып, баланы алмаштырып, жуунтуп, тамактандырса болот. Бул инфраструктура ата-энелерге балдары менен таза абада көбүрөөк убакыт өткөрүүгө жана эс алуу иш-чараларына катышууга жардам берет.



















