Нарын облусунун Жумгал районундагы «Миң-Куш» участкасында кен казуу иштерин жүргүзгөн ишканалар 2026-жылы суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн 1 млн 225 миң сом төлөштү. Бул тууралуу 2-ноябрда Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрликтен билдиришкендей, төлөмдөр 2021-жылдын 18-октябрындагы №222 Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык жүргүзүлгөн. Эсептөө суу өлчөгүч приборлордун көрсөткүчтөрүнө жана техникалык долбоордо каралган көлөмгө негизделген.

Суу үчүн төлөм

1 225 000сом төлөндү
2026жыл үчүн

Ошондой эле ведомствонун маалыматы боюнча, Ат-Башы районунун Чой-Жап өрөөнүндө жайыт жерлерин мыйзамсыз басып алуу жана максатсыз пайдалануу фактылары текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жайытта мыйзамсыз курулган мал сарай аныкталды. Жыйынтыгында тиешелүү чаралар көрүлүп, курулуш демонтаждалды.