Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришкендей, аймакта калкты таза суу менен камсыздоо багытында жалпысынан 700 миллиондон ашык сом каражат тартылган. Курулуш иштери активдүү темпте уланууда.
Акимиаттын маалыматына ылайык, жаңы курулуп жаткан объектилердин сапаты жана иштин жүрүшү жеринде текшерилип, комплекстүү мониторинг жүргүзүлдү. Бул максатта уюштурулган жумушчу сапарга район акими, райондук прокуратуранын өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, курулуш иштерин жүргүзгөн подряддык ишканалардын жетекчилери жана техникалык көзөмөлдү ишке ашырган инженер-адистер катышты.
Каражаттын бөлүштүрүлүшү
Каражаттын бөлүштүрүлүшү
Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш иштеринин сапатына, белгиленген мөөнөттөрдүн так сакталышына, ошондой эле долбоорлорду ишке ашырууда жергиликтүү тургундар үчүн пайда болгон убактылуу ыңгайсыздыктарды өз убагында жоюу маселелерине көңүл бурулду.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча подряддык ишканаларга жана айыл өкмөт башчыларына курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү, белгиленген графиктен артта калбоо, ошондой эле социалдык маселелерди өз убагында чечүү — иштердин жүрүшүндө жабыркаган жолдорду, каналдарды калыбына келтирүү жана башка көйгөйлөрдү жоюу тапшырмалары берилди.

























