Маалыматка ылайык, бул мониторингди Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад облусу боюнча Жер жана суу ресурстарын көзөмөлдөө кызматынын аймактык башкармалыгы Каныш-Кыя айыл аймагында жүргүзгөн.

Текшерүүнүн негизги максаты алтын казуу иштерин жүргүзүүдө жер жана суу ресурстарын пайдалануу талаптарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы №222 токтомунда белгиленген эрежелердин сакталышы болгон.

Мониторингдин жүрүшүндө өндүрүштүк ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууда жер участокторун пайдалануунун белгиленген тартибин, суу ресурстарын пайдалануу талаптарын жана айлана-чөйрөгө терс таасирин алдын алууну сактоого өзгөчө көңүл бурулган.

Ишкерлерге жер жана суу мыйзамдарынын талаптарын так сактоонун, тиешелүү уруксат кагаздарынын негизинде ишмердүүлүктү жүргүзүүнүн жана жаратылыш ресурстарына аяр мамиле кылуунун зарылдыгы түшүндүрүлгөн.