Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 3-ноябрда республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо, айрыкча Жалал-Абад жана Баткен облустарында, кар жаашы күтүлөт. Шамал батыштан согуп, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Бишкек шаары
Борбор калаада жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн абанын температурасы +5…+7 градус, күндүз +19…+21 градус болот.
Облустардагы аба ырайы
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+7 градус, күндүз +17…+22 градус болот. Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21 градус күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +2…+8, күндүз +17…+22 градус болот. Ош шаарында аба ырайы ачык: түнкүсүн +5…+7, күндүз +19…+21 градус.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+5, күндүз +10…+15 градус болот. Нарын облусунда эң суук: түнкүсүн -1…-9, күндүз +10…+14 градус.
Аймактардагы күндүзгү температура
















