Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагына кирген Ак-Чий айылында сайдын нугу тазаланды. Бул тууралуу Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Кылычбек Суранбаев билдирди.
Атайын техниканын жардамы менен 350 метр узундуктагы нук тазаланып, суунун агымына тоскоол болгон топурак, кум, шагыл жана башка калдыктар алынды. Бул иштер жаан-чачын жана сел маалында суунун эркин агып кетишин камсыздоого, ошондой эле жакын жайгашкан турак үйлөрдү суу каптоо коркунучун алдын алууга багытталган.
Маалыматка ылайык, тазалоо иштери айылдын жогору жагынан келген сел сууларынын эркин өтүшүн камсыздоо жана айыл аймагынын коопсуздугун жогорулатуу максатында жүргүзүлдү.


























