Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Руслан Мукамбетов 1-2-ноябрь күндөрү Талас облусундагы аскердик комиссариаттарга иш сапары менен барды.

Сапардын жүрүшүндө министр аскердик комиссариаттардын күнүмдүк ишинин уюштурулушу, материалдык-техникалык базанын абалы жана кызматкерлердин эмгек шарттары менен таанышты.

Министр курулуш объектилерин да көрдү. Ал курулуштун сапатына, белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына жана аткарылып жаткан иштердин коюлган талаптарга шайкештигине өзгөчө көңүл бурду.

Мындан тышкары, аскердик комиссариаттардын ишин андан ары өркүндөтүү, аларга жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн зарыл шарттарды түзүү, ошондой эле объектилердин алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыгы каралды.

Курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү, аскердик объектилерди тийиштүү деңгээлде кармоо жана кызматтык ишти уюштуруу үчүн зарыл шарттарды камсыздоо маанилүү
Руслан Мукамбетов, Коргоо министри

Сапардын жыйынтыгында жооптуу кызмат адамдарына инфраструктураны мындан ары өнүктүрүүгө, материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртууга жана аскердик комиссариаттардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган тиешелүү тапшырмалар берилди.