Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас токой чарбасына барды. Бул тууралуу тармактык ведомстводон билдиришти.

Министр токой чарбасынын жамааты менен жолугушуп, токой тармагын өнүктүрүү, көчөттөрдү өстүрүүнүн сапатын жогорулатуу жана алдыдагы жазгы токой отургузуу сезонуна даярдык көрүү маселелерин талкуулады.

Андан соң Акыл Токтобаев токой чарбасынын административдик имаратын, жабык тамыр системасы менен өстүрүлүп жаткан көчөттөрдүн абалын, ошондой эле токой уруктарын, көчөттөрдү, жашылча-жемиштерди сактоого арналган муздаткыч жабдууларды көрүп чыкты.

Берилген тапшырмалар

  • Питомниктерди жабык тамыр системасы менен көчөт өстүрүү ыкмасына өткөрүү
  • Сапаттуу отургузуу материалын даярдоо
  • Токой уруктарын туура сактоо
  • Жазгы токой отургузуу иштерине өз убагында даярдык көрүү

Талас токой чарбасы жөнүндө маалымат

Негизги көрсөткүчтөр

1947негизделген жылы
36 807жалпы аянты (га)
18,6токойлуулугу (%)

Талас токой чарбасы 1947-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө анын жалпы аянты 36 807 гектарды түзөт, аймактын токойлуулугу 18,6 пайыз. Негизги токой түзүүчү дарактарга арча, тал, карагай, терек жана ар кандай бадалдар кирет. Чарбанын курамына Талас, Кең-Көл, Арал жана Кара-Дөбө токой чарбалары кирет.