Бишкек шаарында маданият кызматкерлерине сыйлыктарды тапшыруу аземинин алкагында «Кабар» агенттигине курган маегинде ырчы Батма Качкынова кыргыз эстрадасында элүү жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жатканын айтты.

Анын айтымында, чыгармачылык жолу 1977-жылы башталып, эстрадалык ансамблдерде иштеген.

Ошол учурда эстрада жаңыдан жаралып жаткан. «Мээрим» ансамбли ийгиликтүү иштеп жатканда, бизди Нарынга которушту. Ал жакта «Долон» эстрадалык ансамблин түзүп, алты ай, бир жыл бою гастролдо жүрчүбүз. Ошол мезгилде мен Сейитказы Андабеков, Капар Медетбеков, Күмөндөр Абылов жана Сагипа Чечейбаева сыяктуу көптөгөн белгилүү искусство ишмерлери менен бирге иштедим.
Батма Качкынова, ырчы

Ырчы пенсияда болгонуна карабастан, чыгармачылык ишин улантып, ырдап келе жатканын белгиледи.

Мен элүү жылдан бери тынымсыз эмгектенип келем. Бүгүн мээнетибиз байкалып, Ардак грамота менен сыйланганыма абдан кубанычтамын. Маданият тармагында иштеген адамдарды эстеп, чакырып, сыйлаганы биз үчүн чоң кубаныч.
Батма Качкынова, ырчы

Ал буга чейин да медалдар жана ордендер сыяктуу бир катар сыйлыктарга ээ болгонун кошумчалады.