Бишкек шаарынын транспорттук агымдарын башкарууну жакшыртуу жана акыркы технологияларды колдонуу үчүн үч тараптуу келишим түзүлдү. Бул иш-чаралар шаардык транспорттук инфраструктураны заманбап деңгээлге көтөрүүгө багытталган.
Мэриянын билдирүүсүнө караганда, кызматташтыктын алкагында тараптар транспорттук агымдарды башкаруу жана светофордук жөнгө салуунун интеллектуалдык системаларын өнүктүрүү тармагында өз ара аракеттенүүгө макул болушту.
Кызматташтыктын негизги багыттарынын бири — биргелешкен жолугушууларды өткөрүү, консультацияларды алуу жана кесипкөй тажрыйба алмашуу болуп саналат.
Меморандумга «Санариптик технологиялар борборунун» директору Жумамүдүн Жумалиев, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев жана «Дорога Глобал» ЖЧКсынын башкармалык директору Бакыт Жетигенов кол коюшкан.











