Бишкек мэриясынын билдирүүсүнө ылайык, Октябрь району боюнча жер амнистиясына катышуучу объекттердин колдонуучуларынын жана менчик ээлеринин тизмеси жарыяланды. Бул иш-чара коомчулукту маалымдоо максатында жүргүзүлүүдө.

Тизмеге хаос түрүндө курулуп калган аймактардагы жер участоктору киргизилген. Атап айтканда, 2021-жылдын 1-декабрына чейин жеке турак жайлар (анын ичинде бүтпөгөн курулуштар) салынган жерлер жана эч кандай имарат салынбаган бош жер участоктору бул тизмеге камтылган.

Документтен

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтому менен бекитилген «Жер амнистиясын өткөрүү тартиби жөнүндө» жобонун 15 жана 16-пункттарына ылайык, жер амнистиясынын объекттеринин колдонуучуларынын жана/же менчик ээлеринин тизмесин жарыялоо жүргүзүлүүдө.
Жер амнистиясы жөнүндө жобо