Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, шахмат ийримдерин уюштуруу үчүн зарыл жабдууларды мектептерге жеткирүү иштери уланууда. Бул демилге президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде жүзөгө ашырылууда.
Жарлыкка ылайык, 2026–2027-окуу жылында 3–5-класстардын окуучулары үчүн республиканын 500 окуу жайында шахмат ийримдери ачылат.
Мектептерге жеткирилген жабдуулар
Бүгүнкү күнгө карата өлкө мектептерине 7500 шахмат комплекти, 2500 таймер жана 500 демонстрациялык шахмат тактасы жеткирилди. Жабдууларды жеткирүү иштери улантылууда.
Пилоттук долбоордун ишке ашырылышы 10 айдан кийин мониторингден өткөрүлүп, анын натыйжаларына баа берилет.






















