2026-2027-окуу жылынан тартып Кыргызстан боюнча 500 жалпы билим берүүчү мектепте шахмат ийримдери уюштурулат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги жаңы базалык окуу планына таянып маалымдады.
Шахмат ийримдери негизинен 3-класстын жана 5-класстын окуучулары үчүн ачылат. Такталган тизмеси жана апробацияланган программа министрлик тарабынан жакын арада жарыяланат.
Бул демилге президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын июнь айындагы шахматты өнүктүрүү боюнча жарлыгына ылайык аткарылып жатат. Жарлыкта шахматты популяризациялоо үчүн улуттук программа түзүү, ошондой эле «Жылдын мыкты шахматчысы» жана «Жылдын мыкты шахмат машыктыруучусу» сыяктуу атайын сыйлыктарды берүү каралган.
Президенттин жарлыгында Кыргызстандын шахмат союзу сунуш кылган талаптарга ылайык жыл сайын лауреаттарды тандоо механизмдери белгиленген.










