Кыргызстандын Каракол шаарында 2-9 август күндөрү эл аралык балдар арасындагы шахмат турнири өтөт. Бул жарыш «Жибек жолу кубогу» деп аталат жана белгилүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдыгына арналган.
Турнирдин негизги максаты — жаштардын интеллектуалдык жөндөмдөрүн өстүрүү, шахмат спортуна болгон кызыгуусун арттыруу жана таланттуу жаш шахматчыларды табуу менен алардын спорттук деңгээлин жогорулатууга шарт түзүү.
Ошондой эле бул иш-чара эл аралык кызматташтыкты тереңдетүүгө, жаш шахматчылардын тажрыйба алмашуусуна жана ар кандай өлкөлөрдөгү катышуучулардын достук мамилелерин бекемдөөгө багытталган.
Спортчулар мелдеш учурунда стратегиялык ой жүгүртүүсүн, даярдыгын көрсөтүп, кубок үчүн атаандашат.
Турнир Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана «Ысык-Көл аймактык шахмат федерациясы» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда.




















