21–22-августта борбор калаа Бишкек шаарында Улуттук педагогикалык форум өтөт. Форумдун негизги максаты — 12 жылдык билим берүү системасына өткөн биринчи жылдын жыйынтыктарын талкуулоо.
Бишкекте Улуттук педагогикалык форум өтөт: 12 жылдык окууга өткөн биринчи жылынын жыйынтыктары каралат
21–22-августта Бишкек шаарында Улуттук педагогикалык форум уюштурулуп, анда өлкөдө 12 жылдык билим берүү системасына өткөн биринчи жылдын жыйынтыктары талкууланат. Форумда билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү, мектептерди жана бала бакчаларды куруу, оңдоо жана техникалык жабдуулар маселе катары каралат.
