Жумгалда кымбат көмүргө нааразычылык: «Бүт Бишкек биздин көмүр менен жылыйт, бирок бизге эч ким карабайт»
Жумгал районунда V элдик курултайга делегаттарды шайлоодо жергиликтүү тургундар көмүрдүн кымбаттыгы маселесин көтөрүштү. Тургун Бекказы Медетов район «кара алтындын» мекени болгону менен, жергиликтүү эл көмүр сатып алууга кудурети жетпей жатканын, экология бузулуп, адамдар ууланып жатканын айтты.
Нарын облусунун Жумгал районунда V элдик курултайга делегаттарды шайлоо өтүп, анда көмүр маселеси көтөрүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.
СторисЖумгалда көмүр баасы жана экология: Элдин көйгөйүСлайддар: 7
Жумгалда көмүр баасы жана экология: Элдин көйгөйү
Жумгал районунда көмүр баасы жана экология маселеси көтөрүлдү. Жергиликтүү тургундар көмүр кымбаттыгына жана айлана-чөйрөнүн бузулушуна нааразычылык билдирүүдө.
4400 сом — Жумгалдагы көмүр баасынын төмөнкү чеги (1 тонна)
5800 сом — Жумгалдагы көмүр баасынын жогорку чеги (1 тонна)
Маселенин негизги пункттары: Көмүр сатып алууга чамасы жетпей жатат.; Экология бузулуп, адамдар ууланып жатат.; Жумгал көмүрүн арзандатуу талабы.; Кара-Кече көмүрүнө себишүү талабы.
Нарын облусу
Жумгал районунда V элдик курултайга делегаттарды шайлоодо жергиликтүү тургундар көмүрдүн кымбаттыгы маселесин көтөрүштү. Тургун Бекказы Медетов район «кара алтындын» мекени болгону менен, жергиликтүү эл көмүр сатып алууга кудурети жетпей жатканын, экология бузулуп, адамдар ууланып жатканын айтты.
Жергиликтүү тургун Бекказы Медетов «кара алтындын» мекенинде жашаса да, эл көмүр сатып алууга чамасы жетпей жатканын, ошону менен бирге экологиянын бузулуп, адамдардын ууланып жатканын айтты.
“
«Көчүгүн Кара-Кеченин көмүрүнө жылытып алып, кайра-кайра Жумгалды сөгө». Азыр Кыргызстандын жарымынан көбү Кара-Кече жана Агулак көмүр бассейни жөнүндө сүйлөп жатат. Бул жөн эле кен эмес, бассейн деп аталат. Ушул жерден бүт Бишкек жылып, жашап жатат. Ал эми бизге эч ким карабайт, ыйлай да албайбыз. Бул жерде Эрнис деген акын бар, ал: «Саяки эли шайыр, бирок саясатта биз жокпуз», — дейт.
Бекказы Медетов, Жумгал районунун тургуну
Медетов президент келгенде эл жеке маселелерин айтканын, бирок район боюнча бир да суроо бере албай калышканын эске салды. Ал ким гана барбасын, көмүр жөнүндө сүйлөшүүнү, Жумгал үчүн көмүрдү арзандатууну суранды. Ошондой эле экологиянын бузулуп, адамдардын ууланып жатканын белгиледи.
Анын айтымында, Кырчында майрам өткөрүп, элди таратып жибергенден кийин самолёттон чөп себишет. «Анда эмнеге Кара-Кечеге себишпейт?» — деп суроо салды ал.
Жумгалдагы көмүрдүн баасы
4400сомдон (1 тонна)
5800сомго чейин (1 тонна)
Учурда Жумгалда бир тонна көмүр 4400дөн 5800 сомго чейин сатылууда.