Окуу жайдын электрондук почтасына имаратта жарылуучу зат коюлганы тууралуу билдирүү келген. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалымат боюнча, милиция кызматкерлери зарыл текшерүү иш-чараларын уюштурушкан. Окуя болгон жерге тиешелүү кызматтар, анын ичинде кызматтык иттер менен кинологдор келип, имаратты жана ага жакын аймакты текшеришти.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жарылуучу зат жана башка шектүү буюмдар табылган жок.