Караколдо билим берүү тармагындагы ийгиликтерди белгилөө максатында мектеп окуучуларынын арасында салтанаттуу сыйлоо өттү. Жылдагыдай эле мыкты окуучулар, илимий жана интеллектуалдык конкурс жана олимпиадаларда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендер мэрия тарабынан сыйланды.

2025–2026-окуу жылы Караколдо билим берүү системасында ийгиликтүү өттү. Шаардын бардык жалпы билим берүү мекемелери толугу менен «Э-күндөлүк» санарип платформасына өтүп, окуу процессин жана окуучу, мугалим, ата-энелердин биргелешкен аракетин жакшыртуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Караколдун окуучулары республикалык жана улуттук олимпиадаларда, дүйнөлүк шахмат таймаштарында жана интеллект сынактарында жогорку жыйынтыктарды көрсөтүштү. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча шаардан төрт бүтүрүүчү «Алтын сертификатка» ээ болду.

Мындан тышкары беш окуучу немис тили боюнча Sprachdiplom эл аралык сертификатын алышты. Андан сырткары эки окуучу FLEX программасынын алкагында чет өлкөдө билим алуу мүмкүнчүлүгүн алды.

Ошондой эле шаардын билим берүү шарттарын жакшыртуу жумуштары уланууда. Учурда беш мектеп жана беш бала бакча капитальный оңдоодон өткөрүлүп, окуучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттар түзүлдү.