Курулуш министрлигинин маалыматы боюнча, текшерүү Кошмуратова көчөсү, 51 дарегинде жайгашкан «Жаштык» кинотеатрынын учурдагы сейсмикалык жана техникалык абалын баалоо максатында уюштурулган.
Адистер долбоордук документтер менен таанышып, имараттын конструктивдик элементтеринин ишенимдүүлүгүн аныктоо үчүн зарыл болгон техникалык өлчөөлөрдү жүргүзүштү.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча институт курулуш конструкцияларынын техникалык абалы тууралуу корутунду даярдап, имаратты андан ары пайдалануу боюнча тиешелүү сунуштарды иштеп чыгат.























