Кечки саат 19:20 чамасында Кыргыз-Орус Славян университетинин башкы корпусунан адамдар эвакуацияланды. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасына окуу жайдын басма сөз кызматы ырастады.
Билдирүүлөргө караганда, университеттин расмий электрондук почтасына имаратка бомба коюлгандыгы тууралуу кабар келген. Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы кошумча маалыматты кийинчерээк берерин айтышты.
Көп өтпөй, ошол эле күнү И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын имаратында да эвакуация болгону кабарланган. Ал жерде да бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Бирок, тиешелүү кызматкерлер имаратты текшерип чыгып, эч нерсе табышкан эмес.
Укук коргоо органдары эки билим берүү мекемесинде тең текшерүү иштерин жүргүзүштү. Натыйжада жарылуучу заттар табылган жок. Учурда иликтөө иштери уланууда.















