Бишкек шаарында «Борбордук Азия – Кытай» форматынын катышуучу өлкөлөрүнүн курулуш министрлеринин экинчи конференциясы башталып жатат. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин №1 «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөрүлүп жатат.
Бул форумдун негизги максаты экономика, инфраструктура, шаар куруу жана курулуш тармагында практикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулоо болуп саналат.
Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кытай Эл Республикасынын өкүлдөрү катышып жатат.
Конференциянын жыйынтыгында тараптар биргелешкен билдирүүгө кол коюуну, ошондой эле курулуш чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча 2027–2028-жылдарга карата иш-чаралар планын кабыл алууну пландаштырууда.










