12-ноябрда Бишкек шаарында «Борбордук Азия – Кытай» форматындагы экинчи иш-чара өткөрүлдү. Бул учурда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин министри Нурдан Орунтаев Кытай, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан мамлекеттеринен келген делегациялардын башчыларына борбордук стадионду тааныштырды.

Агенттиктин билдирүүсүнө таянсак, делегациялардын жетекчилерине спорттук объекттин архитектуралык чечимдери, конструкциялык өзгөчөлүктөрү жана техникалык параметрлери тууралуу маалымат берилди.

Стадиондун негизги көрсөткүчтөрү

51 000көрүүчү саны
280диаметри (метр)
70бийиктиги (метр)
85 000жалпы аянты (м²)

«Бишкек Арена» стадиону Борбордук Азиядагы эң ири футбол аренасы болуп саналат. Долбоордун өзгөчөлүгү — анын үч жер астындагы жана беш жер үстүндөгү кабаттарынын бар экени.

Бул спорттук комплекс өлкөдөгү эң ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болуп саналат.