Кыргызстанда стоматологиялык жардам көрсөтүүнүн төлөм шарттарына байланыштуу мамлекеттик кепилдиктер программасына өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү токтомду Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жаңы документке ылайык, 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 токтом менен бекитилген Мамлекеттик кепилдиктер программасынын № 1 тиркемесиндеги 50-пункттун 5-абзацы чыгарылып салынды.
Мурунку редакция боюнча, бул пункт стоматологиялык жардамдын ар кандай категориядагы жарандарга берилишинин шарттарын аныктаган. Программанын негизги пакети белгилүү бир категориядагы калкты акысыз кызмат көрсөтүүгө мүмкүндүк берген.
Кошумча пакетте айрым жеңилдиктерди алган жарандар үчүн акысыз жардам жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздалган жарандар үчүн 50 пайыздык арзандатуу каралган болчу.
Ошону менен бирге, документте калган калкты стоматологиялык кызматтар үчүн бирдиктүү баалар боюнча толук нарк менен төлөөсү тууралуу норма болгон. Эми дал ушул абзац документтен чыгарылды.
- 21-сентябрь, 2023-жыл
№ 493 токтом менен Мамлекеттик кепилдиктер программасы бекитилген
- Азыркы учур
Стоматологиялык кызматтардын төлөм шарттарына өзгөртүүлөр киргизилди
- 10 күндөн кийин
Жаңы токтом күчүнө кирет









