Талас облусунда жаңы борбордук стадиондун курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Учурда курулуштун аяктоо көрсөткүчү 75 пайызды түзөт.

Кыргызстан Эгемендүүлүк күнүнө карата жаңы стадиону пайдаланууга берүү пландалууда.

Министр курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба маселелери боюнча Нурдан Орунтаев Талас облусуна жумуш сапары менен барып, курулушту көзмөлдөөнү жүргүздү.

Учурда объектте 300дөн ашык жумушчу иштейт. Министр долбоордун сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана жумушчулардын санын көбөйтүүнү тапшырды.

  • Стадиондун эки трибунасы: батыш жана чыгыш бөлүмдөрү
  • Оюнчулар үчүн атайын жайлар
  • Медиа жана VIP аймактары
  • VAR технологиясы орнотулат

Стадиондун жанында футболчулардын жатаканасы, тамактануу залы жана административдик имараттар курулат.

Курулуш иштери 2025-жылдын 9-апрелинде башталган.