12-ноябрда «Борбордук Азия – Кытай» форматындагы экинчи иш-чаранын алкагында Кыргызстандын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин министри Нурдан Орунтаев беш өлкөнүн курулуш министрлерине Бишкектеги катуу тиричилик таштандыларын кайра иштетүүчү экотехнологиялык заводдун иши менен тааныштырды.
Министрликте билдиргендей, Кытай, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын курулуш министрлерине таштандыларды кайра иштетүү технологиялары, өндүрүш процесстери жана таштандыдан электр энергиясын алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берилди.
Бул завод 2025-жылдын 27-декабрында ачылган жана Борбордук Азиядагы таштандыларды кайра иштетүү боюнча биринчи экотехнологиялык ишкана болуп саналат.
Учурда Бишкек шаарында таштандыларды кайра иштетүү системасын кеңейтүү жана ушундай экинчи заводду куруу маселеси каралууда. Бул багыттагы иштер борбор шаардагы экологиялык абалды жакшыртууга, таштандылардын көлөмүн азайтууга жана альтернативдүү энергия булактарын өнүктүрүүгө багытталган.





















