«Бишкек Арена» көптөн күтө турган чоң спорттук жайлардын бири жана Кыргызстандын эң ири стадиону болуп саналат. Стадион 51 миң көрүүчүгө ылайыкташкан.

Кыргыз Республикасынын президенттинин Иш башкармалыгы билдиргендей, 31-августтагы иш-чара стадиондун расмий ачылышы эмес. Ал күнү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы өтөт.

Расмий ачылыш 5-октябрда пландалган жана ага чоң шоу-концерт кошулат. Бул концертке бардык кызыккандар акысыз катыша алат.

Стадион FIFA жана AFC эл аралык стандарттарына ылайык курулуп, бул Кыргызстанда ири эл аралык футболдук мелдештерди өткөрүүгө мүмкүндүк берет.

Майрамдык шаарчаны уюштуруучулар 5-октябрда боло турган программалар тууралуу кошумча маалымат кийинчерээк берилерин билдиришти.