Кыргызстанда аскердик жана жарандык максаттар үчүн жеңил бронетехникаларды чыгаруу жана чогултуу боюнча инвестициялык долбоор ишке ашырылып жатат. Бул иш-чара өлкөнүн өнөр жай потенциалын чыңдоого багытталган.

10 млн доллар инвестициянын көлөмү

Долбоорду ишке ашыруу үчүн жалпы инвестициянын суммасы ушундай өлчөмдө.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров «С.М. ИЛБИРС» ЖЧКсына барып, долбоордун жүрүшү менен таанышты. Ал жерден өндүрүштүн мүмкүнчүлүктөрү жана андан ары өнүгүү келечеги каралды.

Агенттиктин жетекчиси мындай инвестициялык долбоорлор өлкөнүн өнөр жай мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, заманбап технологияларды киргизүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө маани берген долбоорлорду коштоону жана инвесторлорду колдоону улантарын билдирди.