Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районунда эл аралык стандарттарга жооп берген спорттук шаарчанын курулушу активдүү улантылууда. Бул масштабдуу долбоор аймактагы спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.

Долбоордун курамы

Спорт шаарчасынын курамы

275орундуу спорттук интернат
5000орундуу спорттук комплекс
Олимпиадалыксууда сүзүүчү бассейн
200орундуу мейманкана

Курулуш иштерине көзөмөлдүк кылуу максатында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында объектиге барып таанышты.

Министр аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруп, курулуштун белгиленген мөөнөттө, бардык курулуш нормаларын жана техникалык талаптарды сактоо менен бүткөрүлүшүн талап кылды.

Учурда объектиде фундаменттерди куруу жана темир-бетон конструкцияларын даярдоо иштери активдүү жүрүп жатат. Мейманкананын фундаменттик устундарын жана ресторандын колонналарын арматуралоо улантылууда. Ошондой эле, бассейн жайгаша турган жерде жер жумуштары башталды.

Бул спорттук шаарча спортчуларды жогорку деңгээлде даярдоого, окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүгө жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерди кабыл алууга кеңири шарттарды түзөт деп күтүлүүдө. Долбоор Курулуш министрлиги тарабынан мамлекеттик «Кыргызкурулуш» ишканасынын көзөмөлүндө ишке ашырылууда.