Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин колу койгон 2026-жылдын 12-ноябрындагы № 754 токтомго ылайык, Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун каражаттарынын колдонуу тартиби өзгөрдү. Бул чечим 2011-жылдан бери иштеп жаткан атайын жобого өзгөртүүлөрдү киргизет.
Эми «Кумтор Голд Компани» компаниясы тарабынан которулган каражаттар аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жаңы багыттарда колдонула алат. Негизги жаңылыктердин бири — контракттык негизде окуган студенттердин окуу акысын фонддун эсебинен төлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнү.
Бирок студенттер үчүн белгилүү бир шарт коюлган: окууну аяктагандан кийин алар Ысык-Көл облусунун аймагында кеминде 5 жыл бою иштеп берүү боюнча келишим түзүүгө милдеттүү. Бул аймакка квалификациялуу адистерди даярдоо жана аларды жергиликтүү ишканаларга тартуу максатын көздөйт.
Мындан тышкары, фонддун каражаттары кызматкерлерди турак жай менен камсыздоо максатында кызматтык үйлөрдү курууга же батирлерди сатып алууга жумшоого уруксат берилет.
Финансылоо тартиби
Финансылык механизм боюнча, «Кумтор Голд Компани» компаниясы 1 пайыздык чегерүүнү жүргүзгөн соң, Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгы ал алынган долларларды 3 жумушчу күндүн ичинде сомго айландырып, фонддун атайын казыначылык эсебине которуп турушу керек. Бардык түшкөн каражаттар толугу менен облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталат.









