2026-жылдын 11-ноябрында «Таберик» балдар музыкалык театрынын залында Октябрь районунун жалпы билим берүү мектептеринин жетекчилери жана ата-энелер менен жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэрдин орун басары Рахат Мусаева, Октябрь районунун прокуратурасы, ички иштер башкармалыгы, баңгизаттын незакондуу жүгүртүүсү менен күрөшүү кызматы, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрү жана саламаттыкты сактоо системасынын өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы укук бузуулардын алдын алуу, алардын коопсуздугун камсыздоо, ден соолугун коргоо, зыяндуу адаттардын алдын алуу жана жолдо жүрүү маданиятын калыптандыруу маселелерин терең талкуулашты. Адистер ата-энелерге маанилүү маалыматтарды берип, реалдуу жашоодогу кырдаалдарды чагылдырган видеоматериалдарды колдонуу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Балдардын коопсуздугу — ар бирибиздин жоопкерчилигибиз!
Мэрдин орун басары Рахат Мусаева өз сөзүндө баланын инсандыгын калыптандырууда үй-бүлөнүн өзгөчө ролу бар экенин баса белгиледи. Ал ата-энелерге балдарына көбүрөөк көңүл буруп, алардын күнүмдүк жашоосу менен кызыгып турууга, ошондой эле мектептер жана педагогдор менен тыгыз байланышта иштөөгө чакырды.
Жолугушуу ачык диалог жана суроо-жооп форматында уланды. Ата-энелер өзүн тынчсыздандырган маселелерди айтып берип, тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү алардын суроолоруна жооп берип, зарыл болгон түшүндүрмөлөрдү беришти.








