Бишкек шаарында жыл башынан бери автобустар катышкан 521 жол-транспорт кырсыгы болгон. Бул тууралуу «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын №2 автобазасынын башкы инженери Бакыт Табалдиев билдирди.

Кырсыктарды иликтөө жыйынтыгында 244 учурда коомдук транспорттун айдоочусу күнөөлүү деп табылса, 272 учурда күнөө экинчи тарапка жүктөлгөн. Башкача айтканда, автобус айдоочусу болгон кырсыктардын дээрлик жарымында күнөөсүз экени аныкталган.

Айдоочулардын жоопкерчилиги кандай?

Эгерде кырсыкка автобустун айдоочусу күнөөлүү болсо, анда унаага келтирилген зыяндын өлчөмү эсептелип, аны айдоочу өзү төлөп берүүгө милдеттүү. Мындан тышкары, тартип бузуунун оордугуна жараша айдоочуга дисциплинардык чаралар колдонулушу мүмкүн: сыйлыктан ажыратуу, сөгүш жарыялоо же жумуштан бошотуу.

Акыркы күндөрдөгү үч кырсык

Бакыт Табалдиев акыркы күндөрү автобустар катышкан үч кырсык боюнча да түшүндүрмө берди. Алардын биринде мас абалында унаа башкарган айдоочу күнөөлүү деп табылган. Экинчи кырсык боюнча иликтөө уланууда. Үчүнчү учурда алдын ала маалыматтар боюнча айдоочунун капысынан талма кармап калган, бул кырсыктын жагдайы да такталып жатат.

Борбор калаадагы маршруттар

Учурда Бишкекте 86 автобус маршруту иштейт. Мындан тышкары, шаар айланасындагы багыттарды тейлеген 26 микроавтобус маршруту бар.

Кырсыктардагы күнөөлүүлөр

521жалпы кырсык
244автобус айдоочусу күнөөлүү
272экинчи тарап күнөөлүү