Бишкек шаарында укук коргоо органдары баңгизат соодасына шектүү жаранды кармашты. Анын батиринен жарыктандыруу жана желдетүү системалары менен жабдылган, марихуана өстүрүүгө ылайыкталган чатыр табылды.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, ошондой эле гашиш, марихуана, героин жана баңгизаттарды таңгактоочу жабдуулар да алынган.
4,5 млн сом Telegram-дүкөндүн айлануусу
Следствие версиясы боюнча, шектүү баңгизат соодасын Telegram аркылуу уюштурган.
Учурда тергөө иштери уланууда. Кармалган жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренелери менен айып тагылышы мүмкүн.
















