Бишкекте жол кырсыгы катталды: жүргүнчү ташуучу автобус менен жеңил унаа Ахунбаев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде кагышты. Бул окуя шаар боюнча бир күндүн ичинде автобустарга катышкан үчүнчү кырсык болду.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар жок. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери жана жагдайлары такталууда.
Эске салсак, 28-октябрда Бишкек мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык транспорттун айдоочулары менен жыйын өткөрүп, катталган жол кырсыктарынын көбөйүшүнө жана жол эрежелерин бузууларга катуу сын айткан. Ал жүргүнчү ташуулардын коопсуздугун күчөтүүнү жана муниципалдык транспортко этият мамиле кылууну талап кылган.
Бирок эскертүүлөргө карабастан, борбор калаада автобустар катышкан кырсыктар каттала берүүдө.
Буга чейин ошол эле күнү Жибек Жолу проспектисинде №45 жана №11 автобустары кагышкан. Акыркы эки жумада коомдук транспорт менен бир нече жол кырсыгы катталып, натыйжада мэрия шаардык автобустарга жооптуу эки жетекчини кызматтан алган.























