ИнсанЭскерүүлөр: 4

Бишкек шаардык муниципалдык транспорт ишканасынын 2-автобазасынын башкы инженери Бакыт Табалдиев «Элден собол» берүүсүндө автобус айдоочуларынын айлык маянасы канча экенин айтты. Анын айтымында, айдоочулар айына 165 саат иштеп 70–80 миң сом алышат, ал эми ашыкча иштегенде 100 миң сомдон ашык таба алышат.

Муниципалдык ишкана «Бишкек шаардык транспорт» автобус айдоочулары кызматына чет өлкөлүк жарандарды тартууну карап жатат. Бул тууралуу ишкананын экинчи автобазасынын башкы инженери Бакыт Табалдиев «Элден собол» эфиринде билдирди.

«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы автобус айдоочуларынын иш графигин өзгөрттү. Алар эми 2/2 графиги боюнча иштешет — эки күн иштеп, эки күн эс алышат. Бирок 8 сааттык сменага өтүүгө айдоочулардын жетишсиздиги тоскоол болууда.
Бул баракта жазылгандан көбүрөөк билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Кырлар — бир сюжеттин ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.