Бишкекте бүгүн, 5-ноябрда, «Борбордук Азияда өнөр жай трансформациясы жана инвестицияларды мобилизациялоо» аталышындагы Регионалдык өнөр жайды өнүктүрүү форуму өтүүдө. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ЮНИДО менен биргеликте уюштурду.

Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, форум Кыргызстандын артыкчылыктуу өнөр жай демилгелерин жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырууга багытталган. Ошондой эле өкмөттөр, эл аралык финансы институттары, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, жеке сектор жана потенциалдуу инвесторлор ортосунда өз ара аракеттенүүнү жолго коюу көздөлүүдө.

Талкуунун негизин Кыргызстандын өкмөтү менен ЮНИДО ишке ашырып жаткан Өлкөлүк өнөктөштүк программасы (ПСП) түзөт.

Инвестициялык диалогдогу флагмандык демилгелер

  • интеграцияланган агроазык-түлүк паркы
  • санариптик компетенциялар боюнча электрондук окутуу платформасы
  • чакан гидроэнергетика боюнча климатка туруктуу программа
  • фармацевтикалык өнөр жайды өнүктүрүү
  • текстиль жана тигүү тармактарын өнүктүрүү

Өзүнчө сессия Борбордук Азия өлкөлөрүнүн таза технологиялар жана электромобилдер үчүн сапат инфраструктурасы жаатындагы регионалдык кызматташтыгына арналат. Ага Казакстан, Түркия жана Кытайдын өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө.