Максат Чакиев форумдун пленардык жыйынында экономикалык кызматташууну чыңдоого багытталган долбоорлорду сунуштап, заманбап шарттарда саясий ишенимдин туруктуу экономикалык механизмдерге айланышы керек экенин белгиледи.

Ал белгилегендей, дүйнөлүк экономикада туруктуулук азайууда: жеткирүү чынжырлары оор кырдаалда, соода чектөөлөр күчөп, мурдагыдай ишенимдүү болгон соода маршруттары жоголууда. Мындай учурда мамлекеттер ортосундагы ишеним экономикалык өнүгүүнүн негизги булагы болуп саналат.

Чакиев ошондой эле, Борбордук экономикалык мейкиндикти түзүү концепциясын сунуштады. Ага ылайык, транспорттук коридорлор, өндүрүш чынжырлары, энергетикалык тутумдар жана каржылык механизмдер бириктирилет.

Дагы бир маанилүү демилге катары эл аралык соода-инвестиция палатасын түзүү сунушталды. Маалыматка караганда, бул жаңы түзүлүш ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук жана регионалдык соода палаталарын, бизнес ассоциацияларын жана компанияларын бириктирген борбор болуп, туруктуу координатор катары кызмат кылмакчы.