Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында 4-5-ноябрда БУУнун Борбор Азия экономикалары үчүн атайын программасынын (СПЕКА) экономикалык форуму өтүүдө.
БУУнун башкы катчысынын орун басары, БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) аткаруучу катчысы Армида Салсия Алишахбананын айтымында, форумдун жыйынтыгында талкуулардын жыйынтыктарын жалпылаган Бишкек декларациясына кол коюлат.
Быйылкы төрагалыктын негизги темасы — кургактык транспорту, санарип технологиялар жана энергетика чөйрөсүндөгү туруктуу өз ара байланыштуулук.
Алишахбана деңизге чыга албаган СПЕКА өлкөлөрү үчүн байланыштуулукту туруктуураак жана натыйжалуураак кылуу үчүн жасалма интеллектти кошкондо санарип технологияларды колдонуу өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.
Анын айтымында, Борбор Азия өлкөлөрү соода-сатыкты жана инвестицияларды Европа менен гана эмес, Азиянын башка өлкөлөрү, анын ичинде Түштүк-Чыгыш Азия менен да өнүктүрүшү керек, ошондой эле туризм тармагындагы байланыштарды бекемдөө зарыл.
БУУнун Европалык экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) аткаруучу катчысы Татьяна Молчан форумда экономикалык кызматташтык, транспорттук байланыштуулук жана санариптик өнүгүү талкууланып жатканын билдирди. Анын айтымында, БУУ ЕЭК темир жол каттамына өзгөчө көңүл бурат.
Биз соода процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча көптөн бери иштеп жатабыз. Бирок муну мындан ары кагаз жүзүндө гана жасай берсек...


























